www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан 2,3 га жер тилкеси бар "Бар-Булак" пансионаты мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Бул тууралуу УКМК билдирди.
«2005-жылдын 29-мартында Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан Социалдык фонддун Тоң бөлүмүнө болгон карызды төлөө үчүн "Бар-Булак" пансионаты мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.
2006-жылдын 20-декабрында сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде Б.Ж. аттуу жаран пансионатты Соцфонддун Тоң бөлүмүнөн 2 млн 542 миң 740 сомго сатып алган жана бул процесс мамлекеттик каттоодон өтүп, Б.Ж. жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган.