www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада КМШга мүчө мамлекеттердин штаб башчылар комитетинин кезектеги отуруму болгонун Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, отурумга Кыргызстандын атынан Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы Руслан Мукамбетов катышкан. Алгач Кремлдин дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюлган.

"Жыйындын жүрүшүндө штаб башчылары дрондорго каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын жана атайын аскердик операциянын жүрүшүндө минадан тазалоо тажрыйбасын талкуулашты. Абадан коргонуучу бириккен системаны колдонуу келечегине да көңүл бурулду", — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары, аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жана талаа машыгуулары, кесипкөй аскерлерди даярдоо маселелери талкууланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости