www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун Украинага согуштук бөлүктөрүн жиберүүгө ниети жоктугун аталган уюмдун башкы катчысы Йенс Столтенберг польшалык телеканалдын эфиринде сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.

Буга чейин АКШнын Мамлекетик департаментинин консультанты Эдвард Люттвак UnHerd интернет-порталындагы макаласында Киевде аскер жетишпей жаткандыктан НАТО Украинага аскер жөнөтүүгө аргасыз болорун, антпесе жеңилерин жазган эле. Анын айтымына караганда, Улуу Британия, Франция жана Түндүк Европанын мамлекеттери согушка жоокер жөнөтүүгө даяр.

Бирок бул боюнча альянстан башкача билдирүү жасалды.

"Украинага эч кандай аскердик бөлүктөрдү жөнөтпөйбүз, андай ниетибиз жок", — деген Столтенберг.

Башкы катчы муну менен катар эле Киевге курал-жарак берүүнү ыкчамдатып, бекемдөөгө чакырган.

"НАТО боюнча союздаштар Украинага согуштук колдоосун жөнөтүп жатат. Аны тездетип, көлөмүн көбөйтүшүбүз керек. Өзгөчө абадан кол салуудан коргоо системалары жаатында жасалышы керек", — деген башкы катчы.

Москва Киевге курал-жарак жөнөтүү кырдаалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО мамлекеттерин согушка аралаштырат деп эсептейт. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн жөнөтүлгөн кандай гана аскердик жүк болбосун Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости