www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Подмосковьедеги ишканада көпүрө урап жабыркаган 139 кыргызстандыкка кенемте төлөнүп берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Россиянын Москва облусундагы "FM LOGISTIC" (кампа комплекси) логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, андан 51 кыргыз жараны жабыркаган.

Элчиликтин вице-консулу Алмаш Алтымышеванын айтымында, көпүрө ураган күнү ишканада 160 мекендеш иштеп жаткан. Анын ичинен учурда 139у компенсация алды. Дагы 11 кыргызстандыктын документи каралып жатат.

"Жабыркаган мекендештердин 29у ооруканага жаткырылган. Алардын айрымдары айыгып, кээ бири амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Бейтаптардын ичинен 24 жаштагы Ч.К. аттуу жарандын мээсине кан кетип, катуу жабыркаган. Ага операция ийгиликтүү жасалып, амбулатордук дарыланууга чыгарылды. Учурда ооруканада бир жаран калды", — деди Алтымышева.

Кырсыктан жабыркагандардын ичинен үч мекендешке операция жасалган.

Бул боюнча РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 143-беренесинин 1-бөлүгү ("Эмгекти коргоо талаптарын бузуу, этиятсыздыктын кесепетинен адамдардын ден соолугуна оор зыян келтирүү") боюнча кылмыш ишин козгоо чечими кабыл алынган. 

Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости