www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаарында ушул жумадан тартып ыктыярчыларды коронавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу буга чейин мэр Сергей Собянин өкмөттүн жыйынында президент Владимир Путинге билдирген.
Мэрдин айтымында, алгачкы эмдөөгө өз ыктыяры менен беш миңдей адам жазылган жана ошондой эле вакциналардын алгачкы партиясы Москвадагы үч бейтапканага жеткирилген.
Маалыматка ылайык , алгач 40 миң киши коронавируска каршы эмделет, жарым жылдан кийин жарандарды жапырт эмдөө башталат.
Буга чейин Россия өзүнүн «Sputnik V» деген ыктымалдуу вакцинасын каттоодон өткөргөн жана аны өлкөдөгү аттуу-баштуу адамдар сайдыра баштаган. Алардын арасында Путиндин кызы, коргоо министри Сергей Шойгу да бар.
Ал эми Батыш өлкөлөрүндөгү бир катар окумуштуулар Россиядагы вакцина эки баскычтуу гана сыноодон өткөнүн, натыйжалуу жана коопсуз экенин текшериш үчүн сыноонун үчүнчү этабы маанилүү экенин айтып келишет.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзүндө ушул тапта 150дөн көп ыктымалдуу вакцинаны даярдоо, сыноо иштери жүрүп жатканын билдирген. Алардын ичинен 25 препарат адамдарга сайып текшерүү баскычына жеткендиги маалым болгон.
Булак: NazarNews.kg