www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ аскердик күчтөрү ар башка аймактагы аскердик базалардын ортосунда реалдуу маалымат чогултуп, бөлүшүүнү камсыздоочу Advanced Combat Management Systemге карата тестирлөө жүргүздү.

60 топ катышкан сыноо 70 башка аймакта өткөрүлдү.

Неваданын Неллис аба базасында “робот иттер” катары билинип, Ghost Robotics тарабынан түзүлгөн 4 буттуу роботтор тестирлөөдөн өттү.

Аталган компаниянын 'Vision 60' үлгүсүндөгү роботтору аскердик база аймагында чалгындоо, табуу жана картага түшүрүү сыяктуу бир канча милдет аткарып, Advanced Combat Management Systemдин бир бөлүгү катары өнүктүрүлөт.

Иттин эргономикалык түзүлүшүнө окшош дизайн менен жасалган роботтор, санариптик маалымат өткөрүү мүмкүнчүлүгү, ийкемдүүлүгү жана ылдамдыгы жагынан мурда колдонулган жансыз куралдарга салыштырмалуу алда канча өнүктүрүлгөндүгү белгилүү болду.

Пентагон аталган Advanced Combat Management Systemди өркүндөтүү үчүн 5 жыл ичинде 3,3 млрд доллар жумшоону пландоодо.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости