www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва шаардык соту 44 жаштагы кыргыз улутундагы Нурлан Муратовду 18 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 2-сентябрында кыргызстандык Нурлан Муратовду Андрей Райский аттуу полиция кызматкери документтерин текшерүү үчүн токтоткон. Муратовдун документтери жоктугуна байланыштуу, полиция кызматкери протокол толтуруу үчүн аны “Курская” метросундагы атайын жайга алып барган. Ал жактан Муратов менен Райскийдин табелдик куралын тартып алып, полиция кызматкерин башка атып өлтүргөн.
Москва шаардык сотунун соттук арачылары (суд присяжных) Нурлан Муратовду күнөөлү деп таап, аны актоого негиз жок деп чечим чыгарышкан.
Сот арачыларынын чечиминен кийин, Москва шаардык соту Нурлан Муратовду 18 жылга кесүү бүтүмүнө келишкен.
Белгилүү болгондой, Нурлан Муратов 10 жылдан бери Орусиянын жараны.
Булак: NazarNews.kg