www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москванын мэри Сергей Собянин борбор калаадагы эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу жарандар жана ишканалар үчүн коронавируска каршы чектөөлөрдү алып салуу боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Москва шаарынын башчысы өзүнүн блогунда билдиргенин орусиялык маалымат каржаттары жазып чыкты.
Билдирүүдө, "2022-жылдын 15-марты, шейшембиден баштап биз коргоочу беткаптарды колдонуу талаптарын жокко чыгарабыз",- деп жазган Собянин.
Маалыматка караганда, мындан ары ишканаларда жана уюмдарда COVID-19 инфекциясына каршы чараларды көрүү зарылчылыгы жок. Тактап айтканда, жумушчулардын дене температурасын үзгүлтүксүз өлчөө, жумуш орундарына тосмолорду орнотуу ж.б.
Буга чейин Москва мэринин социалдык өнүгүү боюнча орун басары Анастасия Ракова Орусиянын борборунда акыркы жумада COVID-19 боюнча абал жакшырганын айткан. Анын айтымында, коронавирус менен ооруканага жаткырылгандардын көрсөткүчү дагы 40% азайган.
Булак: NazarNews.kg