www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Казакстан Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду, анда өлкөдөн 10 миң АКШ долларынан ашык накталай валюта алып чыгууга тыюу салынды, деп билдирет аталган өлкөнүн маалымат каражаттары.
"Казакстан Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана Казакстан Республикасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу максатында токтом кылам: Казакстан Республикасынан накталай чет өлкө валютасын жана чет өлкө валютасындагы акча-кредиттик инструменттерин 10 000 АКШ долларын ашкан суммада алып чыгууга тыюу салынсын", - деп айтылат жарлыктын текстинде.
Мындан тышкары алтын куймалары жана алтындан жана күмүштөн жасалган инвестициялык монеталар чет өлкөгө экспорттоого тыюу салынган.
Өз кезегинде Казакстандын Улуттук банкынын басма сөз кызматы чектөөлөр “финансылык туруктуулуктун тобокелдиктерин алдын алуу жана алып-сатарлык суроо-талаптын басымын азайтуу максатында” киргизилгенин түшүндүргөн.
Булак: NazarNews.kg