www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Кашкадарыя аймагында үч кишиге чагылган тийип, бирөө каза болду. Бул тууралуу KUN.UZ маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка караганда, мындай окуя Өзбекстанда сейрек кездешүүчү көрүнүш. Гидрометеорологдор муну климаттын өзгөрүшү менен байланыштырышат.

"Климаттын өзгөрүшү жаратылыш кубулуштарынын убактысына жана жерине да таасирин тийгизе баштады. 9-мартта Кашкадарыя облусунун Дехканабад районунда аба ырайынан улам үч кишиге чагылган түшүп, алардын бири каза болгон. Гидрометеорологдордун айтымында, Дехканабадда жарандарды түздүктөгү аймакта эле чагылган урган. Бул адаттан тышкаркы көрүнүш" - деп айтылат маалыматта.

Анткени, негизинен тоолуу жана тоо этектериндеги райондорго чагылган түшүп, күн күркүрөйт, түздүктө адамдарга чагылган түшүүсү чанда кездешкен көрүнүштөрдүн бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости