www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акылбек Жамангулов №21 тергөө изоляторуна эки айга камалды. Бул тууралуу 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жамангулов Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шектүү катары кармалган.
"Акылбек Жамангуловго карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү 2022-жылдын 12-май күнү саат 16:53кө чейин тандалды. Ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов “Мегакомду” 2018-жылдан 2021-жылга чейин башкарган.
Булак: NazarNews.kg