www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын маалыматтык саясат, маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар боюнча комитетинин башчысынын орун басары Антон Горелкин эгер видеохостинг Роскомнадзордун талаптарына жооп бербесе, YouTube жакынкы келечекте Орусияда жабылышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Эгер видеохостинг маалыматтык согушта курал катары иштей берсе, жакынкы келечекте YouTube менен да Instagram түйүнүндөй эле көрүнүш болушу мүмкүн",- деди Горелкин. 

Мамлекеттик Думанын депутатынын айтымында, Роскомнадзордо Орусия Федерациясынын аймагындагы платформага кирүүнү чектөөгө бардык мыйзамдуу негиздер бар. Анын айтымында, видеохостингден Донбасста атайын операция тууралуу жалган маалыматтар, мыйзамсыз жана деструктивдүү мүнөздөгү материалдар өчүрүлгөн эмес.

Буга чейин Роскмонадзор Орусия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Instagramды Орусия аймагында тыюу салынган сайттардын тизмесине расмий түрдө кошкон. 14-марттан тарта социалдык тармак Орусиянын тургундары үчүн жеткиликтүү эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости