www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жергиликтүү жана чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштерин улантууда. Жасалма дипломдорду аныктоо иштеринин алкагында жасалып жатканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө кайсы жогорку окуу жайда канча диплом текшерилип жатканы боюнча маалымат:

  • Ж.Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик/Улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;
  • К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) - 11;
  • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) - 5;
  • И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) - 5;
  • Н.Исанов атындагы кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ). - 3;
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) - 2;
  • Финансы-экономикалык академиясы - 1;
  • Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы - 2;
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети - 1;
  • “Дастан” технологиялык университети - 1;
  • Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту - 1;
  • И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) - 1;
  • Бишкек технологиялык колледжи - 1;
  • Бишкек финансы-экономикалык техникуму - 1;
  • Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)- 2;
  • Ош технологиялык университети - 1;
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4;
  • К.Батыров атындагы элдердин достугу университети - 2;
  • Чүй университети - 1;
  • Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму - 1;
  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети - 3;
  • Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы - 1;
  • Балыкчы социалдык-экономикалык институту - 1;
  • Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби - 1;
  • Талас мамлекеттик университети - 1;

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдагандар жана аны пайдалангандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Жасалма диплом менен мамлекеттик кызматта иштесе зыяндын орду толтуруларын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости