www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда киши колдуу болгон кыргыз жараны кичи мекенинде жерге берилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жакындарына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, каза болгон 17 жаштагы жигиттин сөөгү 26-мартта Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылында жерге берилди.

Эскерте кетсек, 22-мартта полиция бөлүмүнүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, эки кыргыз жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири 2005-жылы туулган жаран дарыгерлер баргыча эле каза болгону аныкталган. Ал эми экинчи жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылган. Бул факты боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт адам тең 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жарандары. Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости