www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калмактардан калган уурулар калмакы, жети кул жана башкалар. Каныбек Иманалиевдин, Темир Сариевдин,Феликс Куловдун түпкү тектери калмак болуп жүрбөсүн? Кытайлар тарабынан 1757-жылы Жунгар мамлекети жер менен жексен болот, кытай аскерлери эч кимди аябай миллиондогон калмактар жаңы төрөлгөн баладан көр түбүнө жакын аксакалга чейин кырылып, жаңы Синьцзянь аймагы пайда болот. Кыргыздар менен Кытай чектешип калышат. Кытай ажыдарынын кайсы күнү болсо да соруп кетерин билген кыргыз эли алыскы Орусиядан жардам күтө баштайт. Калмактар менен  салгылашууда  Курманбек баатыр, Эр Табылды дегендер болгон. Курманбек баатыр 1600 жылдары туулган. Анын досу Аппак хан Кашкардын ханы болгон.1745-жылы Жунгариянын башчысы Галден-Церен набыт болуп, бийлик Церен-Доржинин колуна өтөт.1753-жылы биртууганы Церен-Доржинин башын канжыгага байлап, «улуу коңтайчы» болуп Лама-Доржи келет. Анын кекиртегине тыгылган кымсандай болуп, агасынын баласы Амурсан бийлик талашып, Жунгарияда кан суудай ага баштайт. Кытай алсыраган Жунгария менен эсептешиш үчүн өз учурун күтүп жаткан. Кансырап жаткан калмактар баш көтөрүүгө жарабай калганда, 1760-жылдары Кытай генералдары  Фу-де менен Чжао-хойдун армиясы Жунгарияга басып кирет. Бул жөнөкөй согуш болгон эмес. Кытайлыктар миллиондогон калкты жер жүзүнөн жексен кылган, геноцид болгон. Кол салгандан кийин эки ай ичинде жаңы төрөлгөн баладан, карыган абышка-кемпир

0ине чейин калмак элин жырткычтык менен кырып салган. Жунгария көп жылдар боюу кан жыттанып турган. Кытайлар калмактарды кырып салгандан кийин, алардын тирүү калган бир бөлүгү кыргыздарга баш калкалап келет.кыргыздар бир кездеги душмандарын журт ичине батырып алат.

Манап бийдин тукумдары жакшы чыгып «манаптар» деп аталат. Кийин кыргыздын жакшылары манапбыз деп атап калышкан. Манаптын тукумдары Баяла Исакеевге, Турдакун Усубалиевге, Султан Ибраимовго, Акылбек Жапаровдорго гана тиешелүү. Кыргызды катаган уруусу, андан соң дөөлөс уруусу, андан кийин багыш уруусу бийлеп келишкен экен. Кылжырдын Дөөлөс, Орозбакты деген эки баласы тең тың чыгып, булар багыштан да кыйын «зор багыш» болду деп жүрүп Сарбагыш аталып кетет. Кийин Орозбактынын балдары бугу аталып калган. Сарсейит бийдин үч баласы болот. Тың чыкма балдары Үчүке менен Түлкү Жаңыл мырзаны алабыз деп барышып, окко учкан соң, бийлик Кудаяндын колунда калат. Кудаяндын жолу катаал хан болуп, «кыргыз кысарга качып, казак кайың саап» калган учурга туш келет. Ошол мезгилде Жунгария күчөп турган мезгил экен.  Үчүке баатыр өлгөн соң иниси Кудаян эл башкарып калат. Анын эл менен иши жок, ойноп-күлүп жүрүп, калмактар катуу кыргын салып кыргыздар Ферганага ооп, ошол жакта күн көрүп калышат. Үчүкенин уулу Маматкул эл менен бирге кымыз уулап жүрөт. Жамгырлуу күнү бир үйгө келип кымыз ичип отурса тебетейинен суу тамчылап жатат. «Эй, байболгур, Маматкул тебетейиңди силкип алсаң боло» десе, «Тебетейди силкер убакта силкербиз» -деп койот. Тебетейин силкер убак болуп Маматкул элди баштап калмактарды Ала-Тоодон кууп чыгат. Маматкулдун атасы Үчүке, анын атасы Сарсейит, Сарсейиттин атасы Сүтүке, Сүтүкенин атасы Сүтөй, анын атасы Манап бий булардын бары кыргыздын колун баштап, калмактар менен салгылашып келишкен.

Эсенгул Абылай хан менен бирге кылкылдаган, кырса түгөгүс  кытайлыктарды  казактар менен бирге тосуп чыгат. Бир заматтын ичинде жашоосун токтоткон Жунгарияда, калмак эли көчүп-конуп жүргөн жерлерде  өлүмдүн жыты жыттанып, карга-кузгундар асманын айланып учуп жүрүштү. Кытай аскерлеринин канкордугун, жырткычтай болуп эч кимди  аябастыгын казак-кыргыздар түшүнүштү. Мурун Кытай менен чек араны  жунгарлар бөлүп турса, Жунгарлар кырылган соң , Кытай менен чектеш болуп калганын сезишти. «Ат качырбас боз айгыр» атка конгон Эсенкул казак менен биригип  калмактын калган-катканын кыргыз жеринен сүрүп чыккан. Бирок казактар тоюп алышкан соң кыргызга каршы кол сала баштаган. Казактын Абылай ханы кыргызга кирип Жайыл кыргынын баштаганда Эсенгул баатыр кол курап, сүрүп чыккан. Казактын Барак төрөсү каптаганда да Эсенгул баатыр кыргызды сактап калган. Эсенгул баатырдан эле жыйырма бала калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости