www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарынын башкы санитардык дарыгери Елена Андреева Москвада менингококк инфекциясы боюнча олуттуу абал, негизинен эмгек мигранттары арасында аныкталганын билдирди. Анын айтымында, жайдан бери ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө.

Андреева өкмөт вакцинаны мамлекеттик резервден жөнөткөнүн, учурда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын адистери жер-жерлерде бригадалар менен мигранттарды эмдеп жатканын айтты. Дарыгер ошондой эле "өтө бат жугуучу инфекция" экенин белгиледи.

«Шаарда менингококк инфекциясы боюнча оор кырдаал түзүлдү. Бул инфекция негизинен мигранттарда аныкталат. Бүгүнкү күндө шаарды менингококк инфекциясы каптап калбоо үчүн бүтүндөй даярдык блогун иштеп чыктык», - деди Елена Андреева.

Маалым болгондой, 2022-жылдын он айында эмгек мигранттарынын арасында 32 оорунун очогу аныкталган.

Менингококк инфекциясы — кишинин менингококк козгогон жугуштуу оорусу. Менингококктор соо адамдардын дем алуу органдарында узакка чейин, кээде өмүр бою жашай берет. Ооруну менингококкту алып жүрүүчүлөр таратат. Мында кабыкчалар сезгенип, бүт борбордук нерв система жабыркайт. Менингококк инфекциясы кыш чыгарда, эрте жазда кезигет. Анын көбөйүшүнө дем алуу жолунун сезгениши — ар түрдүү сасык тумоолор шарт түзүп, оорунун тарашына көмөк болушат. Менингококктор оорулуудан же ташуучулардан алар жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө шилекейдин чачырандылары менен бөлүнүп, айланадагы соо кишилерге ооз, мурун аркылуу кирип, жугат. Менингококк, айлана-чөйрөдө жашоого туруксуз болгондуктан соо адам оорунун булагына абдан жакын, тыгыз катнашта болгондо гана жугат. Ошондуктан оору айрыкча көпчүлүктө, эл тыгыз жайланышкан, нымдуу, жылуу, аба алмашпаган бөлмөлөрдө, жатаканаларда тез таралат.

Оорунун белгилери

Менингококк инфекциясы менен түрдүү жаштагылар, айрыкча жаш балдар (1 —14 жаштагы) көп ооруйт. Оорунун алгачкы белгилери менингококк жуккандан 1—3 күн өткөндө пайда боло баштайт. Кээ бир кишилерде мурунда, кеңилжээрде топтолгон микробдор назофарингитти (сасык тумоонун белгилери) пайда кылат. Оорулуунун жалпы абалы анча деле начарлабайт. Бирок башы, тамагы ооруп, жөтөлөт. Мурун бүткөндөн дем кыстыгат, тез-тез чүчкүрөт. Дененин температурасы 37—38°ка чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Тилекке каршы дарттын мындай жеңил түрү сейрек учурайт. Көбүнчө оор түрү кезигет. Мурун, кеңилжээрдеги менингококктор канга өтүп, андан мээге жетип көбөйүп, топтолуп кабыкчаларын сезгендирет (менингит). Айрым учурда менингококк инфекциясы сепсиске айланганда бүт денени кызамыкка окшош чыбырчыктар жыш каптап, териге кан куюлуп, чоң тактар пайда болот. Эгерде мындай кан куюлуу ички органдарда болсо (бөйрөктө, жүрөктө, мээде, өпкөдө) жалпы кан басымы төмөндөгөндүктөн оорулууну сактап калуу кыйындайт. Мында дароо медициналык жардам көрсөтүлбөсө кырсыкка дуушар болушу мүмкүн. Демек оорунун алгач белгилери (баш оору, кусуу, температуранын жогорулашы жана башкалар) байкалар замат врачка кайрылуу зарыл. Врач келгенче оорулууну төшөккө жаткырып, жылуу ороп же жаап, чекесине муздак суу куюлган жылыткыч же сууланган таза чүпүрөктү басып, жылуу чай ичирип туруу керек. Ал жаткан бөлмөдө тынчтык өкүм сүрүп, жымжырт болуу зарыл. Үйдүн терезелери калкаланып, ичи күңүрт болгону оң. Күн нуру же таамай тийген электр жарыгы, катуу дабыштар, сүйлөө, музыка жана башкалар оорунун белгилерин күчөтүп, жөөлүү, чочуу жана калтырап-титирөө кайталануусу мүмкүн.

Медициналык жардам

Медициналык жардам келгенче көрүнгөн дарыларды ичирип, бет алды дарылоо чоң жаңылыштык. Алар жардам көрсөтүүнүн ордуна дарт белгилерин будамайлап, туура диагноз коюуга жана эрте дарылоого тоскоолдук кылат. Колдон келишинче оорулууну ылдам биринчи сутканын ичинде ооруканага жеткизүү талапка ылайык. Диагнозун тезинен коюп жана туура дарылоо бул дарттын коркунучтуу кабылдоолорунун алдын алат.

Последние новости