www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катар-2022: Хорватия 3-орунду ээледи

Хорватиянын футбол боюнча курама командасы Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатта 3-орунду ээледи.

17-декабрда 3-орун үчүн болгон беттеште хорваттар Марокко курама командасы менен беттешти. Оюн «Халифа» эл аралык стадионунун аренасында өтүп, 2:1 эсебинде коло медалга ээ болгон Хорватия курамасынын пайдасына аяктады.

Командалар 23-ноябрда биринчи тайпалык баскычтагы беттеште өз ара беттешти. Ал беттеш 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Хорватия үчүн бул байге дүйнө чемпионатындагы үчүнчү медаль болуп калды. 1998- жылы хорваттар Францияда коло, 2018-жылы Россияда күмүшкө ээ болушкан. 

Бүгүн, 18-декабрда Аргентина менен Франциянын курама командалары финалдык оюнга чыгышат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости