www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын борборундагы курулушта жумушчулардын массалык мушташуусу болду. Натыйжада 230 адам полиция бөлүмүнө жеткирилген.  Бул тууралуу Россиянын массалык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда массалык урушту Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген тургундар баштаган. Массалык башаламандыкка 50гө жакын адам катышкан.  Полицияга 170 мигрант жеткирилген, алардын 116сы Өзбекстандын жарандары, 35и Тажикстан, 12си Түркия, төртөө кыргыз жана бирөө Беларуссиянын жараны.

Чыр бузулган пол плиткалары үчүн чыгып, бирок көп өтпөй оозеки жаңжалдан массалык мушташка айланган.

Мындан сырткары, дагы 60 адам окуя болгон жерден башка полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.  Баары маалымат базалары менен текшерилип, административдик протоколдор түзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости