www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Жогорку соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевге карата чыккан соттун чечимине түшүндүрмө берди.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жогорку соттун биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилген эмес.

«Азыркы Кыргыз Республикасынын ЖПКде актоонун негизи катары күнөөсү далилденбегендиктен актоо каралбагандыгына карабастан, соттор өкүмдүн актоо бөлүгүн кабыл алууда Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 340-беренесинин талаптарын бузуу менен жогоруда көрсөтүлгөн негиз менен акташкан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги токтому менен прокурордун кассациялык сунушу канааттандырылып, ал эми К. Бакиевди актоо тууралуу жактоочунун даттануусу канааттандыруусуз калтырылган», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости