www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгалда коронавирустан улам мектеп жана бала бакча жабылды

Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында COVİD-19 менен ооругандардын саны көбөйүп кеткендиктен айылда мектеп, бала бакча жабылып онлайн-режимге өткөнүн аталган райондун акиминин орун басары Фатима Өмүралиева тастыктады.

ФАПта дарыланууга орун калбагандыктан илдетти жуктургандар үчүн башка имараттан дагы 10 орун даярдалган.

«Аталган айылда ооругандар көп болуп, мектеп, бала бакчалар жабылып онлайн-окууга өтүштү. Буга чейин 11 адамдан оору аныкталып, анын сегизи айыгып чыкты. Учурда айылдагы күндүзгү стационарда (ФАП) 20дан ашык тургун дарыланып жатат. Ал жакта орун жок болгондуктан айылдагы спорт сарайга 10 койка даярдалды. Андан тышкары, райондук ооруканага да келип дарылангандар бар», — деди Өмүралиева.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандар улам көбөйүп жатат. Акыры суткада сегиз бейтап көз жумуп, 283 киши вирусту жуктурган. Алардын ичинен 10 адам Нарын облусунан экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости