www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индия өлкөсүндө коронавирустан өлгөндөрдүн саны эбегейсиз өстү.
Бул вирустун жайылуусу боюнча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус тынчсызданып жатканын билдирди.
Анын божомолунда, вирустан көз жумгандардын саны расмий айтылгандан алда канча көп.. Себеби акыркы күндөрү Ганг дарыясынын жээгинен да өлгөндөрдүн сөөгү табыла баштаган.
Крематорийге кезек жетпей калгандыктан эл өлүктөрдү дарыяга таштап жатышы мүмкүн.
Бул маселе боюнча Индиянын Суу чарба министри Гажендра Сингх Шекхават да бийликке кайрылуу жасап, сөөктөрдү дарыяга таштоону тез арада токтоттурууну, жээкке чыгып калган жана дарыянын түбүндөгү өлүктөрдү тез арада тазалоону талап кылды.
Булак: NazarNews.kg