www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Аш-тойлорго чектөө коёбуз" деген депутаттар экономиканын негизги мыйзамын түшүнбөйт окшойт". Мындай пикирди коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев айтты.  

--"Экономиканы өнүктүрүүнүн бирден бир жолу - бул ички керектөөнү көбөйтүү. Калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуучу жана ички керектөөнү өстүрүүчү ишчараларды аткаруу. Мына ушул максатта жеңилдетилген насыялар, ссудалар берилет. Өндүрүлгөн продукцияларды сатып алууда кардарларга ар кандай жеңилдиктер берилет. Бөлүп-бөлүп төлөп берүү жолдору каралат. Калк канчалык көп продукция сатып алып керектесе, экономика ошончо өсөт.

"Аш-тойлорго чектөө коёбуз, мал сойдурбайбыз" деп жаткан депутаттар экономиканын ушул негизги мыйзамын түшүнбөйт окшойт. Түшүнгөн кишиге "чылпагын алам" деп көзүн чукугандай эле сунуш болуп жатат. Адегенде өз сунуштарынын экономикалык жана социалдык кесепеттерин эсептеп чыгышса жакшы болмок. Жалаң эмоцияга басым жасабай", - дейт саясатчы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости