www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият Аль-Акса мечитиндеги кол салууну айыптады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият) Иерусалимде (Кудус) Ал-Акса мечитиндеги мусулмандарга кол салууну айыптап, бул окуя мусулман калкы үчүн оор сокку болгонун белгиледи жана муну адамдардын ыйык сезимдерин кордоо, мусулмандарга кысым жана адам укугун бузуу деп баалады.

Муфтияттын билдирүүсүндө «Анткени Кудустагы Ал-Акса мечити эң биринчи кыбыла жана исламдын Медина менен Меккеден кийинки үчүнчү ыйык жайы» деп айтылды.

Газа тилкесинде абалдын курчушуна Израилде сот жөөт тургундарынын отурукташуусуна мүмкүнчүлүк берүү үчүн палестиналык араб үй-бүлөлөрүнүн бир нечесин Чыгыш Иерусалимден көчүрүү туралуу чечим чыгарганы себеп болду. Соттун бул чечими палестиналыктардын нааразылыгын жаратып, 7-майда жума намаздан кийин алар полицияга таш, темир ыргытканын, ал эми полиция желим ок менен атып, Ал-Аска мечитин басып алганын, ичиндегилерди чыгарып салганын жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Эске салсак, 11-майга караган түнү Газа тилкесинде ХАМАС баштаган кошуундар Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр бул анклавга абадан сокку урду. Палестинанын саламаттыкты сактоо тармагындагы жетекчилери Газада жалпысынан 24 адам мерт болгонун билдиришти. Жалпысынан аймакта 100дөн ашык адам жаракат алды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости