www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 1-январга караган түнү Орусиянын борбору Москва шаарынын Текстилшик кичи районунда мигранттардын ортосунда массалык мушташ орун алган. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.
"1-январга караган түнү Өзбекстандын үч жараны менен Кыргызстандан барган он мигранттын ортосунда мушташ чыгып, анын кесепетинен үч адам катуу бычакталган", — деп айтылат маалыматта.
Жаңжалда Өзбекстандын эки жараны жана Кыргызстандын бир жараны бычакталган. Чыр жеке кастыктан улам чыккан.
Булактын айтымында, окуянын натыйжасында милиция чыр-чатакка катышкан тогуз кыргызстандыкты кармаган. Алардын бардыгына чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан Россия Федерациясында жүрүү режимин бузуу беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
Бул берененин санкциясы Россиянын аймагынан административдик чыгаруу менен беш миңден жети миң рублга чейин айыпка жыгылат.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент