www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен Орусия Ооганстандын азыркы өкмөтү менен иштешүү ниеттерин ырасташты. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен жолуккандан кийин "Өзбекстан-24" телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

"Ооганстандагы азыркы чындыкты кабыл алуу жана ал чындыкка жараша ооган өкмөтү менен иштешүү зарылдыгы боюнча Өзбекстан менен биздин турумдарыбыз өтө жакын", – деди Лавров. Ал Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн контекстинде Ооганстан өзгөчө орун ээлегенин кошумчалады.

Сергей Лавров Ташкенге Шанхай кызматташтык уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуу үчүн 27-июлда барган. 26-июлда Ташкенде өткөн эл аралык конференцияда Өзбекстандын тышкы саясат боюнча атайын өкүлү Абдулазиз Камилов жакынкы убакта Ооганстандын өкмөтүн таануу маселеси жок экенин белгилеген. Ошол эле маалда ал "Талибан" менен эл аралык коомчулук тил табышууга аракет кылып жатканынан позитивдүү тенденцияны көрүп турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости