www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка бийлиги Европадагы энергетикалык кризис АКШнын өзүндө жаратылыш газы менен электр энергиясынын кымбатташына алып келет деп катуу кооптонууда. Бул тууралуу CNN телеканалынын маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, АКШ президенти Джо Байдендин администрациясы Евробиримдикке Мамлекеттик департаменттин өкүлү, глобалдык энергетикалык коопсуздук боюнча улук кеңешчиси Амос Хокштейнди жөнөттү. Ал энергетика рыногу боюнча Европадагы кырдаалды турукташтыруу үчүн Парижде жана Брюсселде жолугушууларды өткөрмөкчү.

Ак үй дагы Евробиримдикке мүчө-мамлекеттердин газ маселеси боюнча пикир келишпестигинен чочулап, Евробиримдиктеги дүрбөлөңдү газ эң көп колдонулчу кыш мезгилинде көзөмөлдөн чыгарбай кармап турууга аракет кылат.

Газга альтернатива катары АКШ менен Евробиримдик көгүлтүр отундун ордун атомдук электр станцияларынын кубаттуулугун жогорулатуу менен толтургусу келип жатат. Тактап айтканда, Вашингтон Берлин 2022-жылдын аягына чейин этап-этабы менен жабабыз деп жаткан атомдук электр станцияларын улантып иштете берүүгө көндүрүүгө аракет кылууда.

Эске салсак, Евробиримдиктин энергетика министрлери шейшемби күнкү ЕБ кеңешинин жыйынында жаратылыш газына болгон суроо-талапты 2022-жылдын 1-августунан 2023-жылдын 31-мартына чейин ыктыярдуу түрдө 15 пайызга кыскартуу боюнча саясий келишимге кол коюшту. Мамлекеттер үнөмдөөнүн жолун өздөрү тандай алышат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости