www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аргентина, Бразилия жана Мексика Америка өлкөлөрүнүн Украинадагы жаңжалды айыптаган турумга кошулуудан баш тартты. Бул тууралуу Американын коргоо министрлеринин Бразилияда өткөн 15-конференциясынын (CDMA) жыйынтыгында кабыл алынган декларация жарыя болду.

Ошондой эле, бул 3 мамлекет Орусияга салыштырмалуу жагымдуу көз карашын билдирди. "Аргентина жана Бразилия тышкы саясатын жөнгө салуучу принциптерге ылайык, эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка жетишүүдө Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ролун тааныйт жана бул уюмду Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ платформа катары эсептешет", - деп айтылган документте.

Мексика, өз кезегинде, Украинадагы кырдаал CMDA мандатына кирбейт деп эсептейт жана Аргентина менен Бразилиянын БУУнун ролу тууралуу пикири менен макул. "Ошол эле учурда Гаити, Гватемала, Доминикан Республикасы, Канада, Колумбия, Парагвай, АКШ жана Эквадор Украинадагы аскерий аракеттерди кайрадан катуу айыпташты", - деп белгиленген документте.

Эске сала кетсек, Американын коргоо министрлеринин конференциясы эки жылда бир өткөрүлөт. Аскердик ведомстволордун жетекчилеринин биринчи жолугушуусу 1995-жылы АКШда өткөн. CDMA ишине жалпысынан 34 өлкө катышат.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкен

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости