www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыштын бир тараптуу экономикалык санкциялары биринчи кезекте калктын аялуу катмарына жана коргоого муктаж болгондорго кесепетин тийгизип жатат. Бул тууралуу БУУнун атайын баяндамачысы Елена Довганга шилтеме берип РИА Новости жазды.
Анын айтымында, жумушсуздуктун, коррупциянын, сексуалдык эксплуатациянын жана кылмыштуулуктун өсүшүнө алып келүүдө.
"Бир тараптуу мажбурлоо чаралары бүгүнкү күндө тилектештиктин, универсалдуулуктун, өнүгүүнүн жана адам укуктарын коргоонун эң олуттуу коркунучу экенин моюнга алуу керек", — деди Довгань.
Анын айтымында, экономикалык санкциялар жумушсуздукка, көмүскө экономикага түрткү болуп, өзгөчө жакырларга, аялдарга, дегеле коомдун аялуу катмарына көлөкөсүн түшүрүүдө.
"Эл аралык мамилелердин негизи катары ар бир мамлекет жана ар бир эл аралык уюм тарабынан кызматташтык, диалог, мыйзам үстөмдүгү, дискриминацияга тыюу салуу жана кош стандарттарга каршы турганда гана адам укуктары корголуп, ишке ашат", — деди ал.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.
Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды.
Булак: NazarNews.kg