www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина өлкөнүн түштүгүндөгү аймактарын бошотууга багытталган контрчабуулдарын күчөттү.

Киев украин авиациясы орустардын Херсонго жакын жайгашкан беш таяныч пунктуна сокку жасаганын билдирди. Украина Херсон шаарынын жака белиндеги орусиялык аскерлерди курчоого алуу максатында согуш башталгандан берки эң ири контрчабуулун улантууда.

Херсондогу орус аскерлерин курал-жарак менен камсыз кылуу жолдорун татаалдаштырууну көздөгөн украин күчтөрү акыркы апталарда Днепр дарыясындагы үч көпүрөнү талкалоо үчүн Батыш өлкөлөрү берген ракеталык комплекстерди активдүү колдонууда.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости