www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 29-июлда Ташкент шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө делегация башчылары ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын кеңешинин алдыдагы отурумунун мазмундук бөлүгүн даярдоо жана Уюмду кеңейтүү маселелерин, тактап айтканда, Иранды ШКУнун толук укуктуу мүчөлүгүнө кабыл алуу жол-жоболорун талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашты.

КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы Ж.Кулубаев өз сөзүндө ШКУнун бардык өлкөлөрүнүн тиешелүү демилгелерин, анын ичинде Бишкек шаарында эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү жөнүндө Кыргызстандын демилгесин эске алуу менен, ШКУга мүчө мамлекеттердин чакырыктарга жана коопсуздук коркунучтарына каршы туруу механизмин өркүндөтүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечимин ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аймактын транзиттик потенциалын жогорулатуу максатында кыргыз тарап бул жаатта мурда кабыл алынган документтердин негизинде ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташуусун активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Анын алкагында тышкы иштер министри Ж.Кулубаев үстүбүздөгү жылдын июль айында КР президенти Садыр Жапаров «КР аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүүнүн комплекстүү системасын түзүү жөнүндө» жарлыкка кол койгондугун маалымдады.

Ал Кыргызстан ШКУнун алкагында ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө чоң маани берерин жана Уюмдун уставдык документтеринде аныкталган бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө өзүнүн салымын кошууну улантарын белгиледи.

Мындан тышкары, ал өнөктөштөрүнө Кыргызстандын эл аралык демилгелерине, анын ичинде өлкөнүн 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине көрсөтүлгөн талапкерлигине колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен ШКУга мүчө мамлекеттердин делегация башчыларынын жолугушуусу болду.

Өзбекстандын башчысы анын төрагалыгынын алкагындагы ишмердүүлүктүн приоритеттүү багыттарын, атап айтканда, 70тен ашык иш-чара уюштурулганын белгилеп, ошондой эле азыркы шартта ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу кызматташуусун тереңдетүү жана Уюмду өнүктүрүү боюнча алдыдагы милдеттерди ишке ашыруу зарылдыгына көңүл бурду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин Уюмдун алкагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар чечимдерине кол коюшту.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Кулубаев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости