www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Январь окуяларындагы "жапырт башаламандыктарга" катышууга, "уурулук кылууга", "курал-жарак сактоого жана алып жүрүүгө" айыпталган 717 киши соттолду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын жыйынында айтылды.

Азырынча 717 кишинин канчасына карата түрмөгө камоо жазасы чыкканы белгисиз. 18-июлда Башкы прокуратура Январь окуяларына байланышкан иштер боюнча 83 киши эркинен ажыратылганын билдирген. Мекеменин маалыматына караганда, алар бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу жана мүлктөрдү жок кылуу сыяктуу оор кылмыштарды жасаган.

Бүгүнкү күндө Январь окуяларына байланыштуу козголгон дагы 474 кылмыш иши сотто экени белгилүү.

18-июлга карата атайын прокурорлордун өндүрүшүндө "жапырт башаламандык" боюнча 53, "терроризм актысы" боюнча 32 кылмыш иши бар экени кабарланган.

Башкы прокуратура 1077 кишиге карата негизсиз козголгон кылмыш иштери токтотулганын, убактылуу кармоочу жайлар менен кызматтык имараттардан 512 киши бошотулганын билдирди.

Буга чейин Январь окуялары маалында каза болгондордун жакындары Нур-Султан шаарына чогулуп, бир нече күн Акордо имаратынын жанына түнөшкөн. Алар жакындарынын өлүмүн калыс тергөөнү жана аларга тагылган айыптоолорду алууну талап кылышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда Маңгыстау облусунда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолгон.

Расмий статистикада январь окуялары маалында 232 кишинин мерт кеткени, алты кишинин кыйноолордон каза тапканы айтылып жүрөт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин кан төгүүнү адилет, ачык-айкын териштирүүгө, ал ишке чет жактан келген эксперттерди тартууга үндөп келатат. Бирок Нур-Султан ал сунуштан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости