www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын куралдуу күчтөрү (АПУ) Орусиянын Брянск облусунун Климово жана Курковичи айылдарына сокку урду. Бул тууралуу Baza басылмасы Telegram каналында билдирди. Басылмага белгилүү болгондой, 29-июль, жума күнү эртең менен орусиялык конуштарга Украина тарабынан чабуул жасалган.
Азырынча атышуудан жабыркагандар тууралуу маалымат жок. "ВКонтакте" социалдык тармагындагы "Подслушано Брянск" группасында окуянын күбөлөрү соккулар Климово айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө жасалганын белгилешти. Күбөлөрдүн айтымында, турак жай жайгашкан секторлор аткыланган эмес. Брянск облусунун өкмөтүнөн кырдаал боюнча расмий комментарий алына элек.
26-июлда Украинанын Куралдуу күчтөрү Брянск шаарындагы Троебортное чек ара бекетине пилотсуз учактан жардыргыч затты таштаганы кабарланган. Андан соң Орусиянын аймагынын губернатору Александр Богомаз кол салуу дрондун жардамы менен жасалганын белгиледи. Анын айтымында, төрт адам жабыркаган.
Брянск облусунда террордук коркунуч жогору. 22-июлда облус бийлиги “сары” деңгээлди 7-августка чейин узартуу чечимин кабыл алган. Тургундарга сабырдуулукка жана сак болууга кеңеш берилди.
Булак: NazarNews.kg