www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада үй өртөөгө шектелди деп Хусниддина Зайнабидинов атту кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу телеграмм Bazar каналы кабарлады.

Маалыматка караганда,  алар Зайнабидиновду мекенине депортациялоого ниеттенишкен.

Зайнабидинов 2019-жылдын январь айында терактка катышы бар деген жүйөө менен күч оргондары тарабынан кармалып, абакта жети ай отурган.

Алты ай Челябинск облусундагы чет элдик жарандардын убактылуу кармалуучу жайында кармалып турган. Мына ушул жерден Зайнабидиновду кыргызстанга депорт кылмакчы болгон. Бирок, адам укуктары боюнча Европалык сод Зайнабидиновду Кыргызстанга чыгаруусуна тыюу салган.

Кийин Зайнабидинов, сурак учурунда аны ток менен кыйнап, үйдү жардырган адамдарды табуусун талап кылган деп билдирген.

Ал СИЗОдо кыйнады делген адамдарды жоопко тартууга аракет кылган. Зайнабидинов качкын статусун алуу үчүн документтерин чогултууга аракет жасаган бирок, ал борбордо дыгы кармалып эми аны кайра депорт болот.

Эске сала кетсек, жогорудагы окуя 2018-жылыдын 31-декабрында болгон. Жарылуудан жана подьездин талкалануусунан 39 адам каза болгон. ЖМКлар мунун себеби, теракт болушу мүмкүн деген маалымат берген. Бирок, Россиянын тергөө комитети бул маалыматты четке кагып, батирлердин биринен газ атылганын айткан. Тергөөнүн жыйынтыгы ушул күнгө чейин чыга элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости