www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаарынын Одинцово районундагы көп кабаттуу үйдөгү жарылуудан 21 жаштагы кыргызстандык жигит жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Алдын ала маалымат боюнча, үйдөгү газ баллон жарылганы айтылууда.

"Кырсыктан үч киши жабыркаган. Анын бирөө кыргызстандык жаран, бирөө тажикстандык, дагы бирөө 89 жаштагы россиялык жаран. Кыргызстандык жигит күйүк борборуна жеткирилди, абалы орточо оор деп бааланууда. Элчиликтин кызматкерлери анын саламаттыгына көз салып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Ушул тапта териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканы айтылып, газ баллондун жарылышынан тышкары башка версиялар да каралууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости