www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын тургуну 17 жаштагы Мухидин Ибрагимов 3 жылдан бери оору менен күрөшүп келет. Ага Кыргыз жеринде баш мээсиндеги залалдуу шишикти алуу үчүн 4 ирет операция жасалган. Жыйынтыгында бейтаптын абалы турукташкан эмес.

Ал учурда Орусиянын Москва шаарындагы Европалык медициналык клиникалык бейтапканалардын биринде жандандыруу бөлүмүндө жатат. Каарманыбыздын ата-энеси дарылоо үчүн учурда каражат жетишсиз болуп жатканын билдирди "Москва шаарына келгенден бери 1 500 000 миң сомдон ашуун каражат короттук. Эми гана уулубуз жакшы болуп келе жатканда акчабыз жетпей калды. Мухидин биздин жалгыз балабыз болчу. Көпчүлүк жардам кылып, баламдын ден соолугун чыңдоого жардам беришин сурайт элем. Бизде такыр мүмкүнчүлүк болбой калды. Анткени тез аранын ичинде уулума операция жасатуу зарыл болуп турат", - деп билдирди каарманыбыздын атасы Тажидин Ибрагимов.

Мухидин Ибрагимовду дарылоого 600 миң сомдон ашуун каражат талап кылынууда. Мындай каражат анын ата-энесинде жана жакын туугандарында жок болууда. Учурда каарманыбыздын ата-энеси бейтапкананын коридорунда жатышат. Мухидин Ибрагимовдун ата-энесинин байланыш номуру: +7926-354-64-02; Рахманов Турсунали Шайдиллаевич жакын тууганы.

Тел: +7969-139-04-86; +7999-828-34-11; Акча которуу үчүн сбербанк карта номер: 5469 4000 3174 2906; Кыргыз ЭлСОМ: 0550 77 44 25

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости