www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш.Жээнбековко
Россия Федерациясында эмгек мигранты болуп жүргөн Кадамжай районунун жаштарынан
Кайрылуу
Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Биз ишенебиз Сизге, биз сөзсүз өнүгөбүз. Кудайым буйруса Кыргызстан гүлдөгөн, бай мамлекетке айланат. Биздин келечек, биздин балдарыбыз бизге окшоп бөтөн жерде жат элге көз каранды болуп иштешин каалабайбыз. Үмүтсүз шайтандан дейт. Бизде тартип, тазалык жана мыйзам өкүм сүрөт деп биз терең үмүт кылабыз. Ушундай бир убакыт келет, биз чет жака барып эмес, а чет жактан бизге келип иштей турган мамлекетке айланабыз.
Сиз Президенттик алгачкы кадамдарыңызды жакшы жана эң туура, карапайым журттун жүрөгүн өйүгөн маселеден – коррупцияны жойуудан баштадыңыз. Биз Сизди кош колдоп колдойбуз. Колубуздан келишинче жардам беребиз Сизге.
Биз жардам бербесек Сизге ким жардам берет?! Коррупция менен азыр күрөшпөсөк анан качан күрөшөбүз? Сиз менен чогуу болуп күрөшпөсөк анан ким менен болобуз? Сиз биздин Президентибизсиз.
Бир гана маселе бар – бул Сиздин бизге болгон ишеничиңиз. Эгерде Сиз элге ишенсеңиз адашпайсыз. Биз да жапа тырмак Сизге жардамыбызды аябайбыз.
Бүгүнкү күндөгү борбордогу саясатка дыкаттык менен көңүл койуп байкап турабыз. Бекем болуңуз урматтуу Президент. Бекем болуңуз! Катуу кармап, коррупциянын тамырын, өзөгүн курутуңуз. Кудай да Сизди туура эмес кылдың деп күнөөлөбөйт. Себеби Сиз эл үчүн күйгөнүңүздү баарыбыз байкап турабыз.
Эми биздин Сизге биринчи жардамыбыз төмөнкүчө:
Эки кочкордун башы бир казанда кайнабашын Сиз өз тажрыйбаңызда көрүп жатасыз. Аны биз да көрүп туруп чыдабай, Сизге Кадамжай районундагы дагы бир кочкорчонун коррупциялык иштерин жана анын жайылган тамырларынын мыйзамсыз иштерин тез арада чечүү зарылдыгын эске алып, аны билдирүүнү туура көрүп турабыз.
Эмне себептен кочкорчо дегенибиздин себеби – ал да экс аким. Бирок акимчиликтен башка жумушка кетсе да, мурдагыдай эле Кадамжайды өзү башкаргысы келет. Анын ойунча баары ошол аркылуу болуш керек экен.
Ал экс акимдин аты жөнү – Мадумаров Акрамжан Камбаралиевич. Экс аким, өзүнүн ордуна орун басарын койуп кеткен, менин айтканымды кылып турасың деп. Мен койгон Айыл Өкмөттөргө да тийбейсиң деп.
Эми А.Мадумаров жөнүндө кыскача айтсак, ал ошол атагы чыккан Икрам Илмияновтун жана Сапар Исаковтун досу. Булардын дагы бир досу бар, ал Дүйшөнбек Текшербекович Зилалиев. Кудаага шүгүр анысы көрүнбөй калды. Ушу достор биригип алып, беш жылдан бери биздин Кадамжайды каалагандай калчашты. Сатылбаган тоо кени да калбады, жери да калбады, бул Акрам деген экс, сайдагы ташты да сатты. Айта берсең түгөнбөйт.
Элди бөлүп жарып, биздин элден ынтымакты да кетирди. ОБОН деген бир балээ бар экен, оо, алар өтө өжөр, жол тандабас машинадай же бульдозурдай болушат экен ал жандыктар. А.Мадумаровтун ошо ОБОНдору дагы да иштеп жатат, алар аарыбаган жандыктар экен. Аларга ыссык да, суук да, эч нерсе таасир этпейт экен. Анан тээрилери да өтө калың келет экен. Алардын тээрисинен батиңке тигип, жалгоо менен майлап, ажылдаганда чачыраган түкүрүктөрүнөн сүртүп койсо эч жыртылбай турган жандыктар экен. Бирок эл жадады жана тажады алардан. Куусаң да кетпейт экен алар. А.Мадумаровтун бир ишенген айыл Өкмөтү бар. Майдан айыл Өкмөт башчысы, Нурматов Алтынбек деген. Оо, Өкмөт деп ошону айтса болот да чиркин. Эми жалганды ушунчалык куйулуштуруп окшотот, каратып туруп алдап койот. Ушундай учкаяк, айт дегенде Акрамдин айткан жерине томолонуп жетип барып ишин бүтүрөт. Ал өзү Майдан айыл Өкмөтүндө өкмөт деп катталып турат жумушка келбесе да. Бирок чыныгы иштеген жери башка. Фактически ал начальник штаб ОБОН. Анын кыскача таржымалы – 1). таможнийде иштеп жүрүп наркотик менен колго түшүп статья менен айдалган; 2). Портер менен границадан контрабанда жүк ташуучу болуп иштеген. Майдан айыл Өкмөтү ашмалтайы чыгып бүттү. Эч ким текшербейт. Себеби крышасы бар – А.Мадумаров.
А.Мадумаровтун тандаган кадры ушул болсо, анда ал мамлекеттик кадр кызматын кантип башкарып жүргөнүнө таң калабыз.
Булар аябай жакшы инвесторлорду табат. Ал жагына балли десе болот. Бул шылуундардын тапкан инвесторун айтсак заматта эле түшүнөсуз. Бул Д.Зилалиев, И.Илмиянов, А.Мадумаров, А.Нурматов бир нече ОБОНдору менен тапкан инвестору – даңкы далайга жеткен, сууга чөкпөс, отко күйбөс, Өзбек мафия башчысы Салимбай байбачанин опорасына сөйөнүп жүргөн Жалил Атамбаев. Кичи Алай тоо кыркааларын таш талканын чыгарып, Бел-Алма көмүрүн уурдап, элдин да мамлекеттин да убалына калгандар ушулар.
Урматтуу Президент, мына ушуларга, мыйзам чегинде тез аранын ичинде чара көрсөңүз тартип Кадамжайда тып эле тынчтык орнойт. Булар ар кандай интригалар менен, жалган сөздөрү менен элди тажатып бүттү. Булардын кылмыштарын издештин, териштириштин кереги жок. Алар ар бир күч органдарынын үстөлүнүн үстүндө жатат. Бирок чара көрүлбөйт. Себеби А.Мадумаров С.Исаковтун жана жогоруда аталгандардын досу. Булар баары бир курактагы, бир жаштагы уюшулган топ.
Бул биздин биринчи Сизге жардамыбыз. Ушуларга чара көрсөңүз калган жардамыбызды аябайбыз мекен үчүн. Биз да алданып эле жүрө бербей мекенибизге барып иштейли. Өз келечегибизди курайлы, балдарыбызды окутуп алардын жана ата-энелерибиздин алдында жашайлы эми адамча. Өмүрүбүз Россияда өтүп кете турган болду.
Сизден кечирим сурайбыз урматтуу Сооронбай Шарипович, жалпак тил менен кайрылдык. Бирок бул чындык. Кыскача жаздык. Себеби булар боюнча материалдар ар бир күч органдарына берилген жана териштирилген. Сиз буйрук берсеңиз эле бир жумада бүтө турган иш.
Акырында Сизге кааларыбыз ден-соолугуңуз бекем болсун, үй-бүлөңүздө тынчтык болсун. Кудаа кааласа Сиз, биз сыймыктанган жана башка мамлекеттердин элдери суктана турган татыктуу Президент болушуңузга биз ишенебиз.
Ондогон эмгек мигранттары кол койгон.
Булак: Элньюс