www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Москва шаарындагы Элчилигинин өкүлү өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жердештерибизге КАЙРЫЛУУ жазды. Ал, Кыргызстандан алыс жүрүшкөн мекендештерибизге, жашап жана иштеп жаткан өлкөнүн мыйзам-тартиптерине баш ийип, коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин сактоону суранган.
Төмөндө тексти толугу менен өзгөртүүсүз окурмандарга сунуштоону туура көрдүк.
Урматтуу мекендештер! Урматтуу Москва шаарында убактылуу жашап, иштеп жаткан жердештер!
2018-жылдын 21-апрелинде КРнын РФдагы Элчилигинин күзөт кызматкеринин сабалышына байланыштуу окуядан улам Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги төмөндөгүдөй билдирүү жасоону зарыл деп эсептейт.
Акыркы мезгилде Москва шаарынын “Добрынинская” метро станциясынын, Большая Ордынка, Житная, Люсиновская жана Серпуховская көчөлөрүнүн айланасында КРнын жарандарына карата мекендештерибиздин жана жергиликтүү жашоочулардын арыздары менен кайрылуулары көбөйүүдө.
Тактап айтканда, аталган аймакта 15-20 чакты жаш жигиттердин авиабилет, дагы башка документтерди алууну (негизинен жасалма документтер) көшөрө, адамдын артынан ээрчип алуу менен сунушташып, эртеден кечке метронун чыга беришинде, Большая Ордынка көчөсүндө айланчыктап басып жүргөндөрү белгиленүүдө.
Жогоруда белгиленген жарандар ошол жерден күн сайын өтүп турган азият түспөлүндөгү жаш кыздарга үзгүлтүксүз тийишип, тоскоолдуктарды жараткандарын күнүгө байкалууда.«Добрынинская» метро районундагы жашоочулар, мектеп окучуларынын ата-энелери өздөрүн өтө эле эркин алып жүрүшкөн, ошол эле жерде күрөш ыкмаларын көрсөтүп, ыплас сөздөр менен сөгүнүп, турган жеринде түкүрүнүп, таштандаларды таштап, тартипсиз адаттарын көрсөтүп турушкан кыргыз жарандарына карата тынчсыздануу менен, арызданышып кайрылышууда.
«Добрынинская» метросунан баштап Большая Ордынка көчөсүн бойлой Элчилик жайгашкан имаратка чейин бир нече авиабилеттерди сатуучу кассалар жайгашкан, бул жерлерде жогорудагы жигиттердин тобу ар бир өтүүчүгө көшөрүп, артынан ээрчип авиабилет сатып алууну сунуштап топ-топ болуп жүрүшөт.
Өтүп бара жаткандар баш тарткан убактарда кыргызча ыпылас сөздөр менен узатып калышат. Мунун баары өзгөчө тынчсызданууну туудурат, анткени жогорудагы келтирилген фактылар жалпы кыргыз эли жөнүндө терс пикирди жаратат.
Элчилик Кыргызстандын жарандарынын укук жанан эркиндиктерин коргоо боюнча кызматты аткаруу менен, Россиянын укук коргоо органдары менен биргеликте укук коргоо боюнча профилактикалык иштерди жүргүзүп келет.
Жогорудагы арыздардын көбөйүшү укуктук мыйзам бузууларды жасаган жарандарга карата кедергилерин тийгизет.
Ушуга байланыштуу, Элчилик Москва шаарында убактылуу жашап, иштеп жаткан бардык мекендештерибизге келген өлкөбүздүн мыйзам-тартиптерин тутунуп, коомдук жерлерде өзүн алып жүрүү эрежелерин сактоо менен, кыргыз элин бөтөн элдин алдында жаманттыга калтырбай, бири-бирибизге аяр мамиле кылууга чакырат, деп жазган.
Булак: NazarNews.kg