www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москва облусунда жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, жаракат алган кыргызстандыктарга компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.
Маалыматта элчиликтин кызматкерлери ФМ LOGISTIC ишканасынын жетекчилери менен жолугуп, мекендештерге материалдык колдоо боюнча макулдашылганы айтылат.
Кырсык маалында 160 кыргызстандык жумушта болгон, анын 51и жабыркаган. Бүгүн айрымдары үйүнө чыгып, учурда 29 мекендеш ооруканада жатат. Тилекке каршы, бешөөнүн абалы оор, алардын бири 16 жаштагы өспүрүм.
"Кырсыктан жабыркаган бардык КР жарандарына камсыздандыруу компаниясы медициналык чыгымдарын жана реабилитацияга кеткен каражатты төлөйт. Кырсык болгон күнү жумушка чыккан 160 мекендешке ФМ LOGISTIC компаниясы 50 миң рублден кенемте берет. Ошондой эле оор абалдагылардын жакындары келем десе учакка билет алып берүүгө даяр. Бардык макулдашуулар компаниянын кепилдик катына жазып алынды. Элчилик кыргызстандыктардын укугун коргоо багытындагы иштерди мындан ары да улантат", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, кыргыз жарандары жабыркаган. Каза болгондор катталган эмес.
Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Элчилик Россиянын Тергөө комитетине, Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууну сурап атайын каттарды жибергени кабарланды. Бул маселени кыргыз өкмөтү жеке көзөмөлүнө алды.
Булак: NazarNews.kg