www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын, Азербайжандын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы Москвада Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга барбай тургандыгын билдиришти. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов муну жакында боло турган туулган күнү менен түшүндүрдү. Түркмөнстанда 63 жаш Мухаммед пайгамбардын жашы деп саналып, бул күн жакындарынын айланасында белгиленет.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парадга катышпасын 19-июнда билдирди. Ал муну өлкөдө коронавирус пандемиясынан улам оор абал түзүлгөнү менен байланыштырды.

18-июнда Азербайжандын президенти Илхам Алиев да парадга катышпасын кабарлаган. Анын алдында Орусиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Чехиянын президенти Милош Земан парадга катышуудан баш тарткан.

Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын, Сербиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери парадга катышарын тастыкташкан.

Жеңиштин 75 жылдыгына карата парад Москвада 24-июнда өтөт. 11-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров парадга 12 мамлекеттин башчылары келерин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости