www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курултайга мигранттардын атынан Москвадан келген Чынара Өмүрзакова жаш уул-кыздарды Орусияга иштегени жалгыз жөнөтпөөнү суранды.

Ал эмгектенген Москвадагы кыз-келиндер коому беш жылдан бери жаштардын көйгөйү менен иш алып барып жатканын белгилеген.

"Орусияга көбүнчө эле 16-17 жаштагы өспүрүм уул-кыздар барып жатат. Мыйзам чыгарасыздарбы же кандай кыласыздар, ата-энесиз, бир тууганы жок жөнөтпөөнү суранабыз. Жөнөткөндө дагы алып кеткен адам жооп бере турган болсун. Жаш кыздар барып алып алданып, ар кандай окуяларга кабылып оор абалда калып жатат. Баңгизат менен түшкөн жаш уул-кыздардын тагдырын көрүп ыйлагың келет", — деди Өмүрзакова.

Мындан улам делегат мектептерде, жогорку окуу жайларда чет өлкөгө барганда өзүн кандай алып жүрүшү керек, эмнени билиш керек, кайсы жактарга кайрылыш керек деген эрежелерди үйрөтүүнү сунуштады.

Белгилей кетсек, курултайга президент Садыр Жапаров, өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости