www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбек диаспорасынын өкүлү Равшан Батыров президентти сыйлоого чакырды. Бул тууралуу ал Элдик курултайда билдирди.

Ал мамлекет башчысына "Улуу урматтуу президент мырза" деп кайрылды.

"Эми оштук элим: «Равшан аке пахтакор, дароо баштады", - деп айтышы мүмкүн. Эгерде биз республикабызды сүйсөк, урматтасак, анда ага башкалар көңүл бура баштайт. Ошондо башкалар сени сыйлашат. "Улуу урматуу, президент мырза" деген кайрылуум менен мен өз республикама болгон сүйүүмдү жана чын ыкластуу урматтоону көрсөттүм. Ар бир адам бул адатты өзүнө өнүктүрүп алсын деп суранам. Эгерде биз республиканы сүйсөк, анда анын жетекчисин урматташыбыз керек. Кыргызстанда үч символ бар - герб, желек, президент. Президентке сый-урмат менен мамиле кылсаң, пахтакор дешет. Бул өлкө жетекчисине болгон нормалдуу мамиле. Биздин ата-бабаларыбыз ушинтип кайрылып келген. Сында, уруш, бирок адегенде жетекчини сыйла. Анткени ал биздин президент", - деди Равшан Батыров.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте Улуттук Курултайдын экинчи жана акыркы күнү өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости