www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Москвага «Фрэнсис» циклонунун айынан январь айындагы жаан-чачындын дээрлик жарымы түштү.
«Фрэнсис» циклонунун кесепетинен Москвага жааган кар акыркы 50 жылдагы эң күчтүүсү болду. Бир сутканын ичинде борбор калаада суу эквивалентинде 22 мм жаан-чачын түштү — бул январь айындагы орточо айлык норманын 42 пайызына туура келет, деп жазат РБК.
«Фобос» аба ырайы борборунун алдыңкы адиси Евгений Тишковец билдиргендей, бул жолку кар жаашы 1976-жылдын январындагы көрсөткүчтөн (ал кезде 12,9 мм жаан-чачын катталган) кыйла ашып өтүп, акыркы 50 жылдагы жаңы рекордду жаратты.
Байкоолордун бүт тарыхындагы абсолюттук максимумга жетиш үчүн болгону 1 мм жетишпей калды — 1970-жылдын январындагы рекорд алиге чейин бузулган жок.
«Чынында, кыштын чок ортосунда мындай кар коллапсын Москва 56 жылдан бери көрө элек», — деп белгиледи синоптик.
Бир сутканын ичинде Москвада кар катмарынын орточо бийиктиги 23 см.ге, Внуководо 32 см.ге, ал эми Долгопрудныйда 33 см.ге жогорулады. Бул шаарда айлык норманын 60 пайызынан ашык жаан-чачын түштү.
Москва облусунда бул кышта биринчи жолу кар күрткүлөрүнүн бийиктиги жарым метрден ашты: Черусти айылында 51 см. кар катталды. Балчуг районунда кар күрткүлөрү 39 смге жетип, бул жылдын ушул мезгили үчүн климаттык нормадан бир жарым эсе жогору болду.
Тишковец ошондой эле дем алыш күндөрү борбордо абанын температурасы төмөндөп, жаан-чачындын интенсивдүүлүгү азаярын билдирди — болгону 1 мм.ден ашпаган жеңил кар күтүлөт.
Бирок дүйшөмбү күнү, 12-январда, Борбордук Россияга түштүктөн жаңы циклон келет. Ал 2 мм.ден 7 мм.ге чейин жаан-чачын алып келиши мүмкүн.
«Ошентип, коммуналдык кызматтар менен Москва жана облус тургундарынын стихиянын кесепеттерин жоюу үчүн болжол менен эки сутка убактысы бар», — деп жыйынтыктады синоптик.