www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия Кытай жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу шаршемби күнү жарыяланган президенттик жарлыкта маалымдалды. Документке өлкө башчысы Режеп Таййип Эрдоган кол койгон.
Жаңы тартипке ылайык, кадимки паспорт менен келген кытайлык жарандар туризм жана транзит максатында Түркияда жашап турууга укук алышат. 2026-жылдын 2-январынан тарта алар каалаган 180 күндүн ичинде эн көп дегенде 90 күн өлкө аймагында боло алышат.
Бул чечим эки мамлекеттин ортосундагы туризмди жана соода байланыштарын күчөтүү максатын көздөйт. Алсак 2024-жылы Түркияга болжол менен 410 миң кытайлык турист келген. Бул — мурунку жылга салыштырмалуу 65,1% өсүш.
Эксперттердин баамында, Кытай акыркы жылдары Түркия үчүн эң тездик менен өсүп жаткан туризм базарына айланды.
Кытайдын Анкарадагы элчиси Цзян Сюэбинь да бул чечимди кубаттады. Ал Түркиянын визасыз режим берүү кадамын «эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 55 жылдыгына сонун белек» деп атап, элдер ортосундагы байланыш дагы да чыңдалаарына ишенимин билдирди.
Элчинин айтымында, Түркия байыркы цивилизациялардын мекени, дүйнөгө белгилүү туристтик жайларга жана жаратылыш кооздуктарына ээ өлкө катары кытайлык саякатчылар үчүн өзгөчө кызык.
Расмий Анкара да визасыз режим туристтердин агымын көбөйтүп, жергиликтүү экономикага кошумча дем берип, мамилелерди тереңдетет деп күтүп турат.
Эске салсак, акыркы жылдары Түркия менен Кытай соода, туризм жана маданий алмашуу багытында кызматташууну активдүү өнүктүрүп келет.