www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров бөйрөк ооруусунан жабыркаганына байланыштуу ден соолугу начарлады. Айрым маалыматтарга караганда анын ордуна жаңы лидер дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгынын маалыматына шилтеме берүү менен Укринформ жазды.

Маалыматка ылайык, Кадыров азыр бөйрөк оорусунан улам диализден өтүп жатат. Дарыгерлер анын өмүрүнө так божомол бере албай жаткандыгы айтылат. Чалгын маалыматтарына караганда, Кадыров Чеченстандагы жеке ооруканада дарыланып, анын жанында үй-бүлө мүчөлөрү жана чет өлкөдөн келген жакын туугандары да бар.

Маалымат булагы белгилегендей, Кадыровдун ден соолугунун начарлашынын фонунда Чеченстандын жаңы башчысы боюнча талапкерлерди кароо процесси күчөй түшкөн. Талапкерликке Магомед Даудов, Апти Алоуддинов жана Рамзан Кадыровдун улуу уулу Ахмад Кадыров аталууда.

Эске салсак, жакында Рамзан Кадыров 20 жаштагы уулу Ахмад Кадыровду Чечен Республикасынын өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу кызматка дайындаган.

Буга чейин да Кадыровдун колуна таяк кармап жүргөнү коомчулукка чыккан кадрлар талкуу жараткан эле.

Надир Шүкүров, Ташкен

Последние новости