www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын аэропортторунда теракт коркунучу күчөдү

10-ноябрдан тарта Москванын Шереметьево, Домодедово жана Внуково аэропортторунда биринчи жолу террордук чабуул коркунучунун максималдуу деңгээли киргизилди. Бул Ространснадзордун аба портторуна жана жүк ташуучуларга жазган катынан улам келип чыккан. 

«2022-жылдын 10-ноябры саат 00:00дөн баштап террористтик мүнөздөгү №3 коопсуздук деңгээлине ылайык келген транспорттук комплекстин ишине мыйзамсыз кийлигишүү актынын тике коркунучу белгиленсин», - деп айтылат документте.

Борбордук федералдык округ боюнча Мамлекеттик авиациялык көзөмөл жана транспорттук коопсуздукту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Ираклий Меладзе кол койду.

Ространснадзор авиакомпанияларга азыр коркунучтун жаңы деңгээлине ылайык кошумча коопсуздук чараларын көрүшү керектигин эскертти.

Шереметьево менен Домодедово Известия басылмасына коргоонун зарыл денгээлин сактап калышканын айтышты. 

Пулководо да коопсуздуктун үчүнчү деңгээли киргизилди, деп билдирди орусиялык ири авиакомпаниянын булагы Известияга. Аэропорттун өкүлү бул маалымат боюнча комментарий берген жок, бул Пулково транспорттук жана авиациялык коопсуздуктун бардык чараларын толугу менен аткарып жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости