www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Роман Гофман Израилдин тышкы чалгын кызматы болгон Моссад жетекчисинин милдетин расмий түрдө аткарууга киришти.
Бул тууралуу Израилдин премьер-министринин кеңсесинин кеңешчиси Дмитрий Гендельман өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
- Генерал-майор Роман Гофмандын “Моссаддын” башчысы кызматына дайындалышы тарыхый окуя болуп саналат. Бул Израилдин коопсуздук түзүмдөрүнүн тарыхында мурдагы Советтер Союзунун өлкөлөрүнөн көчүп келгендердин өкүлү ээлеген эң жогорку кызмат, - деп жазылган маалыматта.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасында 2024-жылдын апрель айында, Израиль үчүн эң чечүүчү мезгилде, Роман Гофманды өзүнүн аскердик катчысы катары тандаганын жазды.
- Роман Гофман 14 жашында ата-энеси Людмила жана Владислав менен бирге Беларусиядан Ашдод шаарына көчүп келген. Ал өз жолун өзү куруп, бардык кыйынчылыктарды жеңип чыккан, - деди Нетаньяху.
Ал ошондой эле «Моссаддын» негизги миссиясы Ирандын агрессиясына каршы күрөш бойдон каларын баса белгиледи.