www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл борбор калаада 20 мектеп курулуп жатат, келерки жылы дагы 15 мектеп куруу пландалууда. Бул туурасында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радионун" таңкы эфиринде айтты.
Ал ички миграциядан улам баш калаада окуучулардын саны арбын экендигине токтолду.
"Борбордо 50гө жакын конушта мектептер курулуп жатат. Бардыгы Бишкекте жашагысы келет, ички миграция күч. Былтыр Россиядан жана Америкадан көптөгөн мекендештер кайтып келишти. Ошол эле учурда, мисалы, Канттан күн сайын 15 миңдей бала келип окуйт. Бирок Бишкек резина эмес да", - деди министр.