www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда балдардын 95 пайызы кариес оорусуна чалдыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, мындай кейиштүү статистиканы Саламаттык сактоо министрлиги келтирген. Депутат туура эмес тамактануу көнүмүшү бала бакча жана мектептерден башталарын белгилеп, балдардын тамагына жана суусундуктарына ашыкча кант кошулуп жатканын сынга алды.

Бекешев ошондой эле 12 жашка чейинки балдарга чай берүү сунушталбастыгын айтып, бул темир жетишсиздик анемиясына алып келиши мүмкүн экенин белгиледи. Анын пикиринде, тиш оорулары башка көптөгөн оорулардын пайда болушуна себеп болот.

Депутат тиешелүү мамлекеттик органдарды бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырып, бала бакчалар менен мектептердин менюсун өзгөртүү сунушу менен Агартуу министрлигинин жетекчилигине кайрылганын маалымдады.

Последние новости