www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Instagram социалдык тармагындагы enduro_prokat.kg баракчасында жарыяланган видеонун негизинде текшерүү жүргүздү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө эндуро мотоцикли менен жайыт жана жашыл аянттарды тебелеп жүргөн жаран К. уулу К. аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылды.
Ага 5 миң 500 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Мекеменин маалыматына ылайык, Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жайыттарды жана жаратылыш объекттерин сактоого чакырып, мыйзамсыз түрдө жер кыртышын бузган учурларда 5 миң 500 сомдон 20 миң сомго чейин айып пул караларын эскертти.