www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мотоциклдин кыймылдаткычына жашырып баңгизат алып келе жаткан Токтогул районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул районунан Бишкек шаарына багыт алган, ак түстөгү “Хонда Степвагон” автоунаасы Чычкан капчыгайында токтотулган. 
Аталган автоунаага кароо жүргүзүү учурунда анын багаж бөлүгүнөн мотоциклдин кыймылдаткычы табылып, аны ачканда, ичинен 47 даана ширеңке коробкасы формасындагы, ачык-күрөң түстөгү, гашиш өзгөчө жытына ээ болгон, 650 гр. катуу зат табылган. 
“Хонда Степвагон” автоунаасынын айдоочусу 1994-жылы туулган Т.Н. аттуу жаран Токтогул-Бишкек каттамы боюнча жеке жүк ташуу менен алектенерин, бул кыймылдаткыч Чон-Арыктын Кайрат аттуу жигитине таандык экендигин жана ал акча төлөп аны Бишкек шаарына жеткирүүнү сурангандыгын айткан. 
Т.Н. аттуу жарандын көрсөтмөсүнө ылайык көрүлгөн чаралардын натыйжасында, ошол эле күнү 1993-жылы туулган, Токтогул районунун жашоочусу А.К. аттуу жаран кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алуу менен көрсөтмө берген. 
Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости